Бишкекте президенттик администрация уюштурган футбол турнири өтөт
Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу кышкы жана жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.
Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда ойнойт. Алар - президент Жапаров башында турган – “Президенттин администрациясы”, маданият ишмерлеринен түзүлгөн – “Өнөр”, бизнестин өкүлдөрүнөн – "Бизнес”, ЖМК өкүлдөрүнөн – “Журналисттер”, футбол ардагерлеринен – “Алга”, спорттук федерациялардын жетекчилеринен – “Спорттук федерациялар”, парламенттин депутаттарынан – “Жогорку Кеңеш”, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдеринен – “Аймактар”, дин өкүлдөрүнөн – “Ыйман”, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилеринен – “Элчилер”, ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлеринен – “Ден соолук”, ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлорунан турган “Билим” командалары катышат.
Турнирге 40 жаштан жогорку жетекчилер катышат. Оюн КТРК, КТРК Спорт телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.
17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюндар өтүп, анда президент Садыр Жапаров да ойногон. Биринчи орунду "Өнөр" командасы алган.