ИИМ базардан адам уурдагандар кылмыштуу топко мүчө экенин маалымдады
Буга чейин социалдык тармакта базарлардын биринен үч киши бир адамды уруп-согуп, күч менен машинеге салып белгисиз жакка алып кеткен видео тараган.
ИИМ билдиргендей, иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучунун жана шектүүлөрдүн аты-жөнү, окуянын жагдайы аныкталган. Жалал-Абад облусунда туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 37 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган.
Факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.
Министрлик уурдалган кишинин тек-жайын, кайда экенин, анын табылган-табылбаганын тактаган жок.
Азыр кылмышка катышкан башка адамдарды издөө иштери улантылып жатканы тууралуу маалымат берүү менен чектелди. (MTa)