Концлагерде аман калган карыя Орусиянын бомбасынан мерт болду
18-мартта Романченконун батири жайгашкан көп кабаттуу үйгө бомба тийген.
Романченко 1942-жылы фашисттердин колуна түшүп калып, алгач Германиянын Бухенвальд концлагерине камалган. Кийинки үч жылда Пенемюнде, Дора-Миттельбау жана Берген-Бельзендеги лагерлерде отурган.
Бухенвальд комплексинин администрациясы кабарлагандай, Романченко нацисттик кылмыштарды элдин эсине салып туруу максатында көп аракеттерди жасаган. Ал акыркы учурда Бухенвальд-Дора эл аралык комитетинин вице-президенти болуп келген. (ErN)