Өзгөндө көмүр шахтасында кытайлык үч жумушчу каза болду
"АБКЕ" деп аталган ишкананын шахтасында оор салмактагы көмүр аралаш таш кулап, көмүр казып жаткан 49 жана 51 жаштагы кытайлык үч жумушчуну басып калган.
Каза болгондордун сөөгүн чогуу иштеген жумушчулар өз алдынча алып чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.
Баштапкы маалыматка караганда, кырсыкка шахтанын ичине, болжол менен 50 метр бийиктиктен таш кулаганы себеп болгон. (RK)