Акылбек Жапаров: Кумтөрдү иштетип кете алганыбыз чоң ишенич жаратты
Кумтөр алтын кенин өз алдынча иштетип кете алганы Кыргызстанга чоң ишенич жаратканын бүгүн, 21-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ноорузга арналган майрамдык иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, экономика жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтты. Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөнүн былтыркы жылдын тарыхый окуясы жана элдин жеңиши деп атады:
"Тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде болгону 48 миллион доллар болсо, жылдын аягында 220 миллион доллар таза киреше менен чыкты. Алтын мындан ары толугу менен кыргыз элине өттү. Алтындын азыркы дилилденген запасы 200 тонна, адистер 200-300 тонна бар деп айтып жатышат".
Акылбек Жапаров кыргыз өкмөтү "Кумтөрдү" өзү иштете баштаганда "Центерра" кенди "талаага таштап, өлкөдөн чыгып кеткенин", ошондогу кырдаал "катастрофалык кесепетке, адам курмандыктарына алып келмектигин", "Кыргызстан татаал, жогорку технологиялык өндүрүштү иштетип кете алабы деген сыноо болгонун" кошумчалап, "биз иштетип кеттик" деп белгиледи.
Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Быйыл 3-январда “Центерра” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган, кыргыз тарап ага азырынча жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда "Центерра" менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген. (GT)