НАТОнун баш катчысы Норвегиянын борбордук банкына төрагалыкка тандалды
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Норвегиянын борбордук банкынын төрагалыгына тандалып алынды. Бул тууралуу банктын азыркы төрагасы Ойстейн Олсен мекеменин сайтында кабарлады.
Йенс Столтенбергдин НАТОнун жетекчилик кызматындагы мөөнөтү быйыл сентябрдын аягында бүтөт. Ал жаңы кызматка ошондон кийин киришери маалымдалды. Ага чейин банктын төрагасынын орун басары башчылык кылып турат.
Норвегиянын борбордук банкынын сайтындагы маалыматка ылайык, Столтенбергдин талапкерлигин өлкөнүн өкмөтү жактырган.
Йенс Столтенберг 2000-2001-жылдары жана 2005-2013-жылдары Норвегиянын премьер-министри болгон. 2014-жылдын 1-октябрынан бери НАТОдо (Түндүк Атлантикалык Аскердик Уюм) баш катчылык милдетти аткарат. Соңку убакта ал украин-орус кризисине байланыштуу Москваны кескин айыптаган билдирүүлөр менен чыгып келатат. Украинанын НАТОго киришине каршылык билдирген Орусия былтыртан бери чек арасына 100 миңдей аскерин жыйнаган.
Норвегиянын борбордук банкы өлкөнүн финансылык секторун башкарат жана пайыздык чендерди көзөмөлдөйт. Мекеме андан сырткары 1,4 триллион доллары менен дүйнөдөгү эң чоң активге ээ болгон Норвегиянын бакубаттуулук фондун да башкарат. (ErN)