Соцфонд: Пенсия, жөлөк пулдарга 50 миллиард сомдон ашык каражат сарпталды
Пенсия жана жөлөк пулдун эң чоң көлөмү Ош облусуна туура келет. Бир жылда дубанды камсыздоого жалпы 9 млрд. 315,6 млн. сом бөлүнгөн.
Бишкек шаары, Чүй облусунда да Социалдык фонддон каржылангандардын саны көп.
Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстандагы 670 миң адам пенсия жана жөлөк пул алат. (BCh)