Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер иштөө тартибин өзгөрттү
Ага ылайык, оор жүк ташуучу транспорт каражаттары “Ак-Тилек", “Чалдыбар" жана Талас облусундагы “Чоң-Капка" бекеттеринен өтө алышат.
"Ак-Жол", “Ак-Тилек”, “Чалдыбар” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка” бекеттери аркылуу адамдардын өтүүсүнө дагы бир катар чектөөлөр киргизилген. Жогорудагы бекеттер аркылуу Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду. Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогорудагы бекеттер аркылуу кире алышат. Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогорудагы бекеттер аркылуу чыга алышат.
Кыргызстандын “Каркыра” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.
Чек ара кызматы өткөрүү жайларынын иштөө тартиби кырдаалга жараша өзгөрүп турушу мүмкүн экенин эскертет. (МТа)