Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


<
>

Кыргыз спорту жалгыз эле күрөш эмес

Кыргызстанда алдыңкы он белгилүү спортчунун тизмесин түзө келгенде эрежесиз мушташ (ММА) менен күрөш балбандары башка спорттун түрлөрү боюнча спортчуларга орун бербейт. Ушундан улам өлкөдө ММА жана күрөштүн түрлөрүнөн башка спорт жоктой ой келет.

Ал эми спорттун бөлөк түрлөрүнөн Кыргызстан эл аралык ири мелдештерде чеке жылытарлык жыйынтыктарды көрсөтпөй жаткандыктан, өлкөдө кайсы спорттун түрлөрүнө түрткү жетпей жатканын талдадык.

Волейбол

Келечеги бар спорттордун катарына күрөш жана анын бардык түрлөрүн кошкон жокпуз. Ошол эле дзюдо, самбо, кыргыз күрөшү жана бел-боо күрөш өңдүү спорттун түрлөрү бул тизмеге кирбей калгандыктан, алдыңкы сапка волейболду ишеничтүү кошсо болот.

Волейбол акыркы беш жылдыкта өлкөдө сүйүүчүлөрдүн деңгээлинен профессионалдык деңгээлге көтөрүлүп келди. Кыргызстанда күчтүү волейбол мектептери жок болгону менен өзгөчө түштүк облустагы райондор жана тоолуу Нарын райондорунда волейбол сүймөнчүктөрү жакшы келечек пайдубалын түзүп беришти. Бул өрөөндөрдө волейбол жаштардан тартып, улуу муунга чейин байма-бай ойнолуп келгендиктен, өлкөдө туруктуу атаандаштык аны менен чогу бирдиктүү лигалар түзүлдү.

Кыргызстандын волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаковдун айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 13 лига түзүлгөн. 

"Негизи бизде кыз-келиндер арасында, ардагерлер, студенттер, окуучулар, маданият кызматкерлер арасында деп, жалпы 13 лига бар. Ар биринин өзүнүн календарлык пландары бар. Маселен, 2016-жылы Энелер лигасы 6 команда менен башталган. Азыр болсо республика боюнча 90 команда бар жана бул дагы чек эмес".

Айтор, өлкөнүн волейбол лигасы жылдан жылга калың көрөрмандарды чогултуп, азыркы тапта Кыргызстандын курама командасы эл аралык беттештерде темир канат командага айланып келатат. Алсак, Эл аралык волейбол федерациясы 2018-жылы гана Кыргызстанды дүйнөлүк рейтингге кошту. Жалпы 176 команданын ичинен кыргыз курамасы 65-орунга жайгашкан.

Ушул жылдын август айындагы жылдык рейтингде Кыргызстан 57 упай менен 93-орунда келатат. Бирок бул рейтингге акыркы Өзбекстандагы зоналык Азия чемпионатынын жыйынтыгы кирбей калган. Анда Кыргызстан экинчи орунду алды.

Алдыда Иранда ушул эле чемпионаттын финалы өтмөкчү. Белгилей кетсек Кыргызстан тарыхта биринчи жолу зоналык Азия чемпионатынын финалына чыгып жатат. Бул турнирге жалпысынан алты мыкты өлкө катышмакчы.

Андыктан кийинки жылы Кыргызстан Эл аралык волейбол федерациясынын дүйнөлүк рейтингинде позициясын жагымдуу өсүшкө түздөй алат деп күтүлүүдө. Ал эми жергиликтүү волейболчулар жылдан жылга күчтөнүп, артында жаштардын лигасы жакшы жүрүш салып келе жатканын эске алсак, волейбол спорту келечекте жакшы көрсөткүчтөр менен Кыргызстанды кубантышы керек.

Оор атлетика

Волейбол командалык оюнга кирсе, индивидуалдуу спорттун түрүнөн оор атлетиканын чыйыр жол салып келе жатканы мактоого татыктуу. Тилекке каршы, оор атлетиканын союздан калган базасы чачырап жоголду. Жалпысынан бул спорттун түрүн эл аралык деңгээлге чыгарган саналуу гана машыктыруучу калды. Ошого карабай Азия турнирлеринде кыргызстандык оор атлетчилер медалдарга илинип жүрөт.

Атүгүл акыркы Токио Олимпиадасында мекендешибиз Бекдөөлөт Расулбеков байгелүү медалдан саналуу килограмм бөлүп калды. Ошол эле 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарда Изат Артыковдун үчүнчү орун алганы, кийин дисквалификациядан соң коло медаль каттоого алынбай калганы эсибизде. Бул аракеттердин бардыгы оор атлетиканын бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде атаандаштык жаратуучу спорт экендигинен кабар берет.

Оор атлетика боюнча машыктыруучу Бакыт Абдыкеримов Кыргызстандын оор атлетчилеринин көрсөткүчтөрү өспүрүм жана жаштар арасында дүйнө державалары менен бирдей болуп, чоңдорго келгенде гана көрсөткүчтөр төмөндөп кетип жаткан себебин витаминизация жана фармакологиядан көрөт.  

"Оор атлетикада спортчуну витаминдештирүү өтө чоң мааниге ээ. Спортчу машыгуудан кийин чарчаганда, аны калыбына келтирүүчү атайын витаминдер бар. Ошондой эле спорттук медицинанын аксашынан улам, чоңдордун көрсөткүчтөрү өспөй калып жатат. Ошол эле Кытай, Корея, Египет, Иранды байкасак алар спорт менен чогуу фармакологияны да ала жүрүшөт",-дейт Абдыкеримов.

Машыктыруучунун айтымында, буга чейин оор атлетика мектептери Токтогул, Талас жана Бишкекте гана болсо, акыркы жылдары өлкөнүн бардык облустарында ачылып, жаштар арасында кызыгуу күчөдү. Ошентсе дагы бул спортко калың катмарды тартуу үчүн мамлекеттин стимулу жетпей жатат. 

"Азыр оор атлетикада акчалай сыйлык өтө аз болуп жатат. Байгелер чоң болгондо кызыгуу күчөмөк. Ошондой эле эл аралык деңгээлде эки-үч спортчубуз жакшы жыйынтык көрсөтсө, жаштарга да стимул болмок. Ага карабай азыр Бекдөөлөт Расулбековдун көрсөткүчү өлкөнүн тарыхы үчүн жакшы жетишкендик болуп жатат".

Оор атлетика боюнча эл аралык деңгээлдеги ири турнирлерди  Кыргызстан кабыл алып, дүйнөлүк жылдыздар өлкөдө күч сынашканда кызыгуулар дагы артар эле. Анткени Бишкек 2013-жылдан бери Азия чемпионатын өткөрө элек.

Ал эми биздин кошуна өлкөлөр Казакстан, Өзбекстанда оор атлетика жакшы нукка түшкөн. Алсак, Казакстан бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү атлеттерди чыгарса, Өзбекстан ушул жылдын декабрында Ташкентте дүйнө чемпионатын өткөрүүгө камынууда. Аалам чемпионатында кыргызстандык спортчулар дагы оор атлетикага жаңы стимул алып келерине үмүт чоң.

Футзал

Өлкөдөгү динамикалуу өнүгүп жаткан спорттордун бири - футзал. Айрыкча, акыркы он жылдан бери Кыргызстандын бардык булуң бурчунда кичи футбол аянттарынын эбегейсиз көбөйүшүнүн артынан жоон топтогу футзал сүйүүчүлөрүн тарта алды.

Алгач футзал сүйүүчүлөрдөн башталган оюндардын аягы Супер лигага чейин оюнчуларды тарбиялап чыгууда. Натыйжада, 2021-жылы дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын футзал курама командасы 34-орунга чейин көтөрүлүп келди.

Бул дагы чек эмес экенин, рейтингде дагы жакшы мүмкүнчүлүккө жетсе болорун Кыргызстандын футзал боюнча курама команданын капитаны Улан Байгазы уулу кеп салды. 

"Биздин балдар азыр Казакстан, Орусияга чейин легионер болуп ойноп жатышат. Мындай биздин тарыхта болгон эмес. Азыр жергиликтүү лигага башка өлкөлөр дагы тыкыр көңүл буруп калышты. Жакшы ойногон балдар чет өлкөнүн клубдары менен келишим түзүп кетип жатышат. Алсак Орусияда эки балабыз, Казакстанда үч оюнчу ойноп жүрөт".

Улан Байгазы уулу футзалды өнүктүрүү үчүн башка өлкөлөр менен тынымсыз оюн жүргүзүп, тажрыйбаны үзгүлтүксүз топтоо керек дейт.

Футзалга бүгүнкү күндө мамлекет тараптан дээрлик каражат бөлүнбөйт. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кышын кынап келаткан бул спорт сүйүүчүлөрдүн аракети менен биргеликте жаңы ашууларды ашууда. Натыйжада, Кыргызстандын супер лигасындагы клубдар өз артынан калың көрөрмандарды тарта алышты.

Ноябрь жана декабрь айларында Кыргызстан курама командасынын Орусия жана Грузияда жолдоштук беттештери белгиленген. Бул оюндарга курама команда жаңы жаштар менен толукталмакчы. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов белгилегендей, жаштардын потенциалы жылдан жылга күчтүү, ошондон команда жыл сайын жаңыланып турат.

Футзал азыр Кыргызстандагы кызыгууну арттырган массалык спорттун бирине айланды. 

Бокс

Пайдубалы бекем, өлкөнүн желегин эл аралык оюндарда желбирете турган спорттордун бири катары боксту эсептешет. Бирок, кийинки мезгилде бокска мамлекет тараптан каржынын бөлүнбөй калышы статистикалык көрсөткүчтө артка карай кетип баратат.

Мындан бир жума мурун Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн Кыргызстандын чемпионатында өлкөнүн мыктылары аныкталды. Бирок 29-сентябрда Кыргызстандын бокс боюнча курама команданын машыктыруучулардын бардык курамы кызматтан кеткенин жар салышты. Буга ошол эле каржы маселеси мамлекет тараптан бөлүнбөй калганы себеп болууда.

Азыркы учурда бокс өлкөдө жыйынтык көрсөтпөй калган спорттордун катарына кошкон осол иш. Себеби, бокс мектептер жана базалар, тажрыйбалуу машыктыруучулар катардан четтей элек. Бирок Спорт агенттиги бул спортко далысынн салса, колдогу алтындын бардыгы агып кетмекчи.

Профессионалдар арасында бир нече жолку дүйнө чемпиону Орзубек Назаров азыркы бокстагы кырдаалды убактылуу көрүнүш катары баалайт.

"Азыр биздин спортчулар эл аралык деңгээлде мыкты сапаттарын көрсөтө албай жатат. Бирок мен анын баарын убактылуу деп эсептейт элем. Биздин спортчуларда мүнөз бар. Утулганыбызга өкүнбөшүбүз керек, утулмайынча жеңиш келбейт. Күнүгө иштеш керек, аракет керек, ошондо гана арты жеңиш болот".

Азырынча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги спорттун бокс түрүнө кандай көңүл бура турганын айта элек. Ал эми Париждеги 2024-жылы боло турган Олимп оюндарынын убакыты башталганын эске алсак, боксчулар тынымсыз машыгууну, эл аралык турнирлерге катышууну башташы керек.

Алдыда үч жыл убакытта Азат Үсөналиев, Мирлан Түркбай уулу, Жантөрө Ташиев өңдүү спортчуларды гана күчтөбөстөн, жаш муунду да тарбияласа болот. Кечээ эле Казан шаарындагы КМШ оюндарында коло медалдарды багынткан Темирхан Данияров, Бектур Турдубаев, Кутман Амангелдиев өңдүү жаш спортчулар өлкөнүн бокс келечегине айланышмакчы.

Айтор, бокс Кыргызстандын спорт тармагында ар дайым өзүнүн бекем ордунда болуп келген. Эл аралык тажрыйба, чемпиондорду тынымсыз машыктыруу дагы деле өз жемишин бере бермекчи.

Бильярд

Өлкөдө келечеги бар спортторду талдай келгенде, көпчүлүгү сүйүүчүлөрдүн кызыгуусунан профессионалдык деңгээлге өткөнүн байкайбыз. Алардын ичинде бильярд спорту дагы жөнөкөй катмардагы элдин кызыгуусунан башталды. Азыркы тапта кыргызстандык бильярдчылар дүйнөлүк турнирлерге өз каражаты менен барышып, байгелерди багынтып жаткан кербези.

Каныбек Сагынбаевдин аркасынан агылган жөнөкөй бильярд сүйүүчүлөрү бүгүнкү күндө устатты ашып өтүп, Кыргызстанга караганда КМШ өлкөлөрүндөгү турнирлерге көп катышып жүрөт. Ал эми бильярд клубдагы жык жыйма сүйүүчүлөрдү эске алганда, бул спорт жоон топ армиясын чогултуп алганын ишеничтүү айтабыз.

Арсен Калыбек уулу, Азиз Мадаминов, Дастан Лепшаков, Ызат Ратбеков жана башка белгилүү бильярдчылар өлкөнүн атын кыйырга чейин таанытып, Кыргызстанды атаандаш катары көрсөткөн алдыңкы өлкөлөргө кошуп койгон. Ушундан улам бильярд спортун өлкө үчүн келечеги бар спорттордун бири деп айтсак болот.

Албетте, биз белгилеген спорттун түрлөрүнөн тышкары футбол, шахмат жана кыргыздын өзүнө таандык улуттук спорттун түрлөрү перспективдүү багыт катары саналат.

Бирок кайсы спортту мисалга албайлы, анын арты чоң каржылык чыгымдарды талап кылмакчы. Ошол эле учурда грек-рим жана эркин күрөшкө басымды коюп, башка спортко мамлекет далын салып туруп албашы керек. Балким, Олимпиадада биз издеген алтын медаль спорттун башка түрүндө жатпасын?..

Самат Жумакадыров

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

Житель Архангельской области выиграл в гослотерею от «Столото» более миллиона рублей



Здоровье

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”




Українські новини

ОіБ - охорона і безпека: замовляй охорону в Харькові



Новости 24 часа

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”



Game News

Bungie wins a little walkin' around money in first of its kind jury trial against Destiny 2 cheat maker, but the victory will likely make it even easier for game companies to keep taking cheaters to court



Москва

В Москве иномарка сбила самокатчика-подростка



News Every Day

Johnny Nelson Reveals His Wide Fury-Usyk Scorecard: “Don’t Be Fooled”



Авто

Двигатель города на Неве: как «Грузовичкоф» участвует в жизни Санкт-Петербурга



Москва

Источник 360.ru: в реке Сетунь в Москве произошел разлив нефтепродуктов



Михаил Кутушов

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”



Москва

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ



Ролан Гаррос

Теннисист Рублев вышел во второй круг Открытого чемпионата Франции



Москва

Эксперт сенсационно раскрыл загадку Мессинга и Жириновского.



Газпром

Полина Максимова стала новым амбассадором подписки Газпром Бонус



Симферополь

День открытых дверей "Библиотека - дом, где согревают сердца"



Москва

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина



Москва

Собянин: Трасса Солнцево — Бутово — Варшавское шоссе будет готова в 2026 году



Москва

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже товаров из магазина



Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о повышении экологического статуса целлюлозно-бумажных технологий в России





Путин в России и мире
Москва

Путин указал на важность союзнического взаимодействия с Азербайджаном


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко назвал рецепт своего фирменного салата "Молодость", которым угощал Путина в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Столтенберг решил не встречаться с Зеленским в Брюсселе


Навальный в России и мире
Москва

Суд продлил арест двум адвокатам Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Филипп Киркоров

Нижегородский художник СПИЧ прокомментировал продажу картины Киркорову



Москва

Инспекторы выявили 38 тысяч неиспользуемых объектов в Подмосковье

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net