Путин менен Байден жолугушту
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу Швейцариянын Женева шаарында башталды. Бул Байден мамлекет башына келгени эки лидердин алгачкы көзмө көз кездешүүсү.
Хан сарайдагы жолугушуу
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу Женевадагы 18-кылымга таандык хан сарайда башталды. Мамлекет башчыларын Швейцариянын президенти Гай Пармелин тосуп алды.
Эки лидердин сүйлөшүүсү 4-5 саатка созулары күтүлүп жатат.
Байден менен Путин алгач АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана котормочулардын катышуусунда тар чөйрөдө сүйлөшөт, андан соң кеңейтилген форматка өтүшөт. Эки державанын лидерлеринин алгачкы сүйлөшүүсү La Grange хан сарайындагы булгары мукабалуу байыркы китептер сакталган залда уюштурулган. Ал жактан кытай, француз, перс жана түрк тилиндеги эмгектерди да тапса болот.
Бул убакыт ичинде алар болгону бир жолу кофе ичкенге тыныгуу алышат. Жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын болбойт. Анын ордуна эки лидер журналисттердин суроолоруна ар кимиси өз алдынча жооп беришет.
Буга чейин дал ошол хан сарайда 1985-жылы Советтер Союзунун лидери Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Рональд Рейгандын жолугушуусу өткөн.
Учурда Женевадагы коопсуздукту 3000-3500дей полиция менен аскер күчтөрү камсыздап турушат.
АКШ менен Орусиянын чыңалган алакалары
Путин менен Байдендин жолугушуусу Вашингтон менен Москванын алакасы "кансыз согуштан" берки эң эле чыңалып турган маалга туш келди. Муну эки лидер тең буга чейин мойнуна алышкан.
Бир нече күн мурда NBC каналына курган маегинде Орусиянын президенти "Соңку жылдары биздин эки тараптуу алакалар эң төмөнкү деңгээлге чейин жетти", - деп айткан.
Буга чейин март айында Байден журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Путинди "киши өлтүргүч" деп эсептерин билдирип, Кремлдин кыжырын келтирген.
Соңку жарым жылда Кошмо Штаттар эки жолу орус аткаминерлерине санкция киргизген. Буга Москванын АКШ президентинин шайлоосуна ыктымал кийлигишүүсү, Solar Winds компаниясына жасалган киберчабуул, оппозиция лидери Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камалышы түрткү болгон. Кремль адаттагыдай эле бул дооматтардын баарын четке кагып келет.
Ар кандай риторикаларга карабай Ак үй менен Кремль кайсы бир тармактар боюнча кызматташууга ачык экенин бир нече жолу билдиришти.
"Эгер Путин кааласа, биз кызматташа ала турган тармактар бар экенин ага жеткиргим келет. Эгер ал бирге иштешүүнү тандабай, киберкоопсуздук жана башка жагдайлар боюнча мурункудай эле өзүм билемдигин кыла берсе, биз жооп кайтарабыз. Биз өзүнө жараша жооп беребиз", - деген Байден Женевага аттанар алдындагы маалымат жыйында.
Байден кызматка келгени Өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө жаатындагы келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына макул болгон жана "Түндүк агым-2" газ куурунун курулушуна вето коюуну четке каккан.
Жолугушууда кайсы темалар талкууланат?
21 жылдан бери Орусиянын башында отурган Путин Американын төртүнчү президенти менен жолугуп жатат. Расмий айтылгандай, эки лидер курал-жаракты көзөмөлдөө, киберчабуул, тыңчылык, климаттын өзгөрүүсүнө жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү маселелерин талкуулашат.
Андан тышкары Байден адам укуктары жаатындагы маселени козгоору күтүлүүдө. Ал буга чейин Алексей Навальныйдын ууландарылышы үчүн Кремлди сынга алып, анын бошотулушун орус бийликтеринен талап кылып келген. Бир күн мурда кокустан Навальный түрмөдө көз жумса, Орусия дээрлик бардык мамлекеттер менен алакасын такыр бузуп аларын эскерткен.
Кремль Навальныйдын ууландырылышына тиешеси жок экенин айтып, анын камалышын мамлекеттин ички иши катары жүйө кылып келет. Ошондой эле, Украина маселеси да талкууланары боолголонуп жатат. Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алып, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Бул үчүн да Москва бир катар эл аралык санкцияларга кабылган.
Ошентсе да Женева жолугушуусунан Америка да, Орусия да, Европа да эч кандай жылыштарды күткөн жок.