Таластагы тарыхый имараттар
XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап Талас өрөөнүндө орус жана украин айылдары пайда болгон. Буга Орус Империясынын борбордук бөлүгүндөгү тургундарынын бул аймакка журт которушу себеп болгон. Айылдарга көбүнчө адамдардын аттары берилген.