21-апрелде жаан-чачын болот
![21-апрелде жаан-чачын болот](https://gdb.rferl.org/414D9F0B-8D7C-4B1D-85F8-97434635002B_cx8_cy0_cw91_w800_h450.jpg)
21-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир райондордо ылдымдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 4...9,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 3...8,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз 7...12, күндүз 9...14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 9...14,
Нарын облусунда түнкүсун 0...5, күндүз 9...14,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 7…9, күндүз 7…9°.