Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Ишкерлерди чочуткан кылмыш иштери

Бул жуманын ичинде «Спекулянт» дүкөндөр түйүнүнүн эки кызматкери, «Нават» чайканасына ээлик кылган адамдардын бири камалганы белгилүү болду. Алар оор деп эсептелген беренелер боюнча айыпталып жатат.​


«Кыргызстанга баргандан коркуп жатам»


«Спекулянт» дүкөндөр түйүнү бир нече күндөн бери жабык турат. Дүкөндүн эки бухгалтерине Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, «Спекулянт» дүкөнүнүн жетекчилери жана кызматкерлери Кыргызстанга сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып жүргөн. Алардын мындай мыйзамсыз иштерине укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жардам берип жүргөнү айтылууда.


Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов «Азаттыкка» мындай дейт:


«Тинтүү жүргүзүү учурунда коммерциялык компаниялардын кеңселеринде жана кампа жайларында сактоо мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдөгү өндүрүм табылган. Ошондой эле товарлардын мөөнөтүн даярдоо боюнча жабдуулар жана алар менен бирге жасалма этикеткалар табылган. Азыркы учурда сотко чейинки тергөө иши боюнча бардык фигуранттарды жана мамлекеттик органдардагы колдоо көрсөткөн кызмат адамдарын аныктоо, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул сотко чейинки териштирүү иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган».


«Спекулянт» дүкөнүнүн жабылышына алып келген ишти күч түзүмдөрүнүн (УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура) өкүлдөрүнөн түзүлгөн мекеме аралык тергөө тобу иликтеп жатат. Азыркы учурдагы маалыматтар боюнча, иштин алкагында «Спекулянттын»​ эки кызматкеринен башка камакка алынгандар жок.


Аталган дүкөн менен байланыш түзгөн кызмат адамдарынын аты-жөнү да атала элек.


«Спекулянт»​ дүкөнү Бишкек шаарында 2017-жылдан бери иштеп, кафе-ресторандарды, калаа тургундарын азык-түлүк менен камсыз кылып келген. Бул бренддин алдында иш алып барган алты дүкөн бар. Азыркы учурда алардын бардыгы жабык турат. Дүкөндөр түйүнүнө Орусиянын жараны Василий Щербина ээлик кылат. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатканын айтып, күч түзүмдөрүнүн кадамын «атайын жасалган иш»​ деп баалады:




«Башаламандык болуп жатат. Күч түзүмдөрү адам укуктарынын бардык ченемдерин бузуп жатышат. Алар 21-январда биздин жабык турган кампаларга кайрадан кирип келишкен. Алар болгон документтерди жасаганга аракет кылып жатышат. Биз эч кимге пара берген эмеспиз жана дүкөндөрүбүздө мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк болгон эмес. Камакка алынган эки бухгалтерге болуп көрбөгөндөй басым болуп жатат. Ошондой эле кампабыздагы электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн ал жердеги азык-түлүктөр бузула баштады. Болгон эсептерим да тоңдурулду. Биздин бизнести тартып алуу аракети жүрүп жатат. Азыр Кыргызстанга баргандан коркуп жатам»​.


Василий Щербина «Спекулянт»​ дүкөнү мамлекетке ай сайын 3 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин салык төгүп келгенин, азык-түлүктүн сапатына жооп берген документтер бар экенин кошумчалады. Ал бийлик өкүлдөрүнө жана Орусиянын Кыргызстандагы элчисине да кайрылган.


«​Наваттын» ээлеринин бири да кармалды


«Спекулянт»​ дүкөнүнө байланышкан окуяны улай эле «Нават»​ресторанына ээлик кылган адамдардын бири Сергей Острецов кармалганы белгилүү болду. Ал азыркы учурда атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайында отурат. Сергей Острецов «кылмыштуу жол менен табылган акчаны күрөөканалар аркылуу адалдаштырган»​ деп айыпталып жатат. Острецов өзүнүн кармалышы боюнча комментарий бере элек. 




«​24 kg» агенттиги өздүк булактарына таянып, ишкерге ушундай жол менен кимдир-бирөө басым кылганга аракеттенгенин жазып чыккан. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы четке какты: 


«​Бул маалымат чындыкка дал келбейт. УКМК күрөөканалардын тармагын жамынып алып банк иштерин мыйзамсыз жүргүзүү, 2009-жылдан бери ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн баш тартуу фактыларын иликтеп жатат. Ошондой эле күрөөканалар түйүнү аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга катышкан адамдардын тобу текшерилип жатат. Алар жөнүндө маалымат тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбайт».


Сергей Острецовдун «Наваттан» тышкары «РосФинансКредит чакан насыя компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунда да үлүшү бар. Острецов өзүнүн кармалышы боюнча комментарий бере элек. «Нават» ресторандар түйүнү менен байланышканыбызда өзүн жетекчи катары тааныштырган айым бул ишти «толугу менен абсурд» деп атады.


«​Ишкерлерге берилген белги»


Өткөн жумада эле Кыргызстанга чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестицияны колдоо иштерин жеңилдеткен мыйзамга кол коюлган. Ага ылайык, өндүрүштүк жана социалдык курулуш үчүн аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилип, инвестициялык босогонун көлөмү 50 млн. доллардан 10 млн. долларга түшүрүлгөн болчу.


Экономика боюнча эркин эксперт Кайрат Итибаев ишкерлердин камалып жатышы өкмөттүн аракеттерин жокко чыгарат деген ойдо.




«​Албетте, кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан ишкерлердин күнөөсүн сот гана аныктайт, - деди ал. - Бирок ишкерлер тыюу салынган уюмдарды каржылап же оор кылмышка барбагандан кийин аларды камаштын кереги бар беле? Анын үстүнө азыркы кризистик учурда бизнести сыйлашыбыз керек. Азыр адегенде мамлекеттик мекемелердеги коррупцияны жоюп, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотушубуз керек. Андан кийин гана бизнести текшерсе болот. Бүгүнкү окуялар - ишкерлерге берилген белги. Эми алар Кыргызстанда иш баштагандан коркуп калышат».


Ал эми экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров ишкерлерге тиешелүү тергөө иштери толугу менен ачык жүрүш керек деп эсептейт. Анын айтымында, тергөө учурундагы күмөндүү ойлор үчүн өлкөдөгү инвестициялык климат жабыркап калбашы керек. Абдыров мындан тышкары керектөөчүлөрдүн укугу биринчи орунда турарына басым жасады:  




«Ишкерлердин укуктарын коргоп, алардын ишин алдыга сүрөгөн жакшы иштер жүрүп жатат. Азыркы маалда аларды текшерүүгө тыюу салган мораторий да бар. Албетте, ишкерлик мамлекеттин колдоосуна муктаж. Ошол эле маалда катардагы керектөөчүнүн укугун унутуп жаткандайбыз. Дүкөндөр менен базарларда сапаты начар, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк сатылып жатат. Аны текшерген киши жок. Бир нерсе болсо ишкерлер кыйкырып чыгат. Бул окуяларда кайчы пикир бар. Колдон келсе ишкердин жана керектөөчүнүн укугун бирдей алып жүрүшүбүз зарыл».


Кыргызстандагы инвестициялык климат октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин начарлай түшкөн эле. Ал учурда белгисиз жарандар кен иштеткен компанияларга кол салып, эс алуу жайларынын мүлкүн талкалап, өрттөгөнгө чейин барышкан.


Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.net — международная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net