АКШда үч демократ-сенатор кызматка киришти
Падилья Камала Харристин ордуна Калифорния штатынан сенатор болуп калды. Ал - Калифорния штатынын тарыхындагы теги мексикалык жана испан тилдүү болгон алгачкы сенатор.
АКШ Сенатынын орундары болсо ушундан тартып республикачылар менен демократтарга теңме-тең (50:50) бөлүнүп калмакчы. Бирок кызмат абалы боюнча Сенаттын да төрайымы болгон вице-президент Харристин добушу менен демократтар Сенатты көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат.
Буга чейин демократтар Өкүлдөр Палатасында көпчүлүктү түзүшкөн.
Конгресстин эки палатасынын демократтардын көзөмөлүндө болушу жаңыдан кызматка киришкен Жо Байдендин администарциясында өз чечимдерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.