Үч депутат Конституцияны өзгөртүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуш кылды
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде «бул мыйзам долбоорлору Конституциянын жоболорунан келип чыккандыгын жана дээрлик өзгөрбөй турганын эске алуу менен коомдук талкуу жол-жобосун жүргүзүү зарылдыгы жок» деп жазылат.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө») мыйзам долбоору 20-январда коомдук талкууга коюлду.
19-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча өткөн референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) расмий жыйынтыгынын протоколун бекиткен. Анда 1 млн. 136 миң 155 шайлоочу (81,49%) «президенттик республика» башкаруу системасына добуш берген. «Парламенттик республика» вариантын колдогондордун саны – 152 081 (10,91%) болду. «Баарына каршы» 62 265 (4,47%) жаран добуш берди.
Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталып, 10-январда 1 млн. 395 миң 513 киши шайлоого келди. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт. (TSh)