Москвада Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери кармалды
Ага чейин юрист Владлен Лось кармалган. Ал «Твиттерге» жазгандай, 25-январга чейин Орусиянын аймагынан чыгып кетүү боюнча эскертүү тапшырылган. Лось Беларустун жараны.
«Мага 25-январга чейин Орусиядан чыгып кетүү боюнча эскертүү беришти. Милиция бөлүмүнөн коё бербей жатышат», - деп жазды ал.
Алексей Навальныйдын тарапташтары 23-январда Орусиянын бир нече шаарларында нааразылык акцияларды өткөргөнү жатышат. Оппозиционерди камакка алууга каршы акцияга кошулууга чакырган билдирүүлөр социалдык тармактарда жарыяланып, ага бир катар белгилүү адамдар кошулууда.
Коррупцияга каршы күрөш фондун Алексей Навальный негиздеген. Фонддун кызматкерлери орус бийлигиндеги бир нече адамдардын мыйзамсыз иштерин ашкере кылган журналисттик иликтөөлөрдү уюштуруп келет.
33 жаштагы Любовь Соболь - Алексей Навальныйдын көрүнүктүү үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи катары Орусиядагы жогорку жетекчилердин мыйзамсыз байлыгын ашкере кылган иликтөөлөргө катышкан.