Мы в Telegram
Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


<
>

Эл аралык байкоочулардын баасы: атаандаштык жана басым

Эл аралык байкоочулардын баасы: атаандаштык жана басым

Кыргызстанда 10-январда өткөн шайлоого эл аралык байкоочулар баа берип жатышат. 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы (ЕККУ) Кыргызстанда өткөн шайлоого баа берип, талапкерлерге бирдей атаандаштык түзүлбөй калганын жана журналисттерге басым жасалганын белгилешүүдө.

Талапкерлердин атаандаштык мүмкүнчүлүгү

Кыргызстандагы президенттик жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы бирге байкоо салган.

Уюм өз байкоосунда шайлоо жакшы деңгээлде өткөрүлгөнү менен бир катар кемчиликтер болгонун белгиледи. ЕККУнун кыска мөөнөттүү жана байкоочулар миссиясынын атайын координатору Питер Юэль-Йесен Садыр Жапаровдун каржылык жана үгүт ишиндеги уюштуруу деңгээли башка талапкерлерге караганда жогору болгонун белгиледи.

«Акыркы айлар Кыргызстан эли үчүн кайгылуу болуп, саясаттагы башаламандык менен коштолду. Бирок кечээ биз жалпысынан жакшы процесс жүрүп жатканын көрдүк. Эгерде Кыргызстан өз элинин иштеп жаткан демократияга болгон тилектерин актай турган болсо, анда шайлоолорду бирдей шартта, толугу менен таза атаандаштыкта өткөрүү маанилүү. Бул шайлоодо андай болгон жок».

ЕККУнун байкоочулары өз анализинде талапкерлердин телеканалдардагы дебаттарына токтолгон. Анда шайлоо өнөктүгүндө саясий дебаттар аз болуп, телетаймаштарда талапкердин инсандык сапаттарын гана талкуулоого басым жасалганын белгилешти. 

ЕККУнун Парламенттик Ассамблея делегациясынын башчысы Рейнхольд Лопатка Кыргызстандагы саясий дебаттар аймактарда айырмаланып турганын белгилеп, бирок бул сапар дал ошол дебаттар шайлоочулардын санына таасир эткенин билдирди. 

«Акыркы убакытта саясий чөйрө тездик менен өнүктү, бирок бул шайлоодо көрүнүктүүлүгү жана каржыланышы жагынан башкаларды артта калтырган Жапаров мырзанын үстөмдүк кылары алдын-ала белгилүү болгон. Кыргызстан буга чейин өзүнүн саясий дебаттарынын деңгээли менен аймактарда айырмаланып келсе, бул жолу талкууларда программаларга караганда жеке сапаттарга көңүл бурулгандыгы шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн төмөн катышуусуна алып келди».

Ошондой эле уюм медиа каражаттарынын көп болгонуна карабастан аналитикалык жана сынчыл маалыматтар аз чагылдырылганын билдирди. Буга ЕККУнун байкоочулары этникалык жана диний кастыкка каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан мыйзамдар туура эмес колдонулуп, сотко берилген доо арыздар, журналисттерге чабуулдар тыкыр иликтенбей калгандыктан кабарчылар өзүн-өзү чектөөгө алып келгени себеп болду деп эсептешет.

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясынын башчысы Тамаш Месерич медиа каражаттарынын шайлоо учурундагы ишмердүүлүгү жөнүндө «Азаттыкка» буларды айтты:

«Журналисттерге жасалган басым жөнүндө өз сөзүмдө белгиледим. Буга чейин журналисттерге болгон басымдар тийиштүү органдар тарабынан иликтенбегендиктен, мындай көрүнүштөр жоюлган жок. Андыктан бул жолу шайлоодо журналисттер өзүн чектеп, бул болсо өз ишине кылдаат мамиле жасоону талап кылды».

Месерич референдум өнөктүгүндө тараптардын маалыматтык мүмкүнчүлүктөрү бирдей болбогондуктан, шайлоочулар үчүн маалымат тандоо аз болгонун кемчилик катары белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, президенттикке талапкерлер шайлоо алдындагы бир айлык үгүт үчүн 122 миллион сом сарпташты. Анын дээрлик жарымынан көбү - 67 миллион сому Садыр Жапаровго таандык.

Дагы бир талапкер Равшан Жээнбековго сот ишине байланыштуу аймактарга чыгып үгүт жүргүзүүгө уруксат берилген жок.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өттү деп тааный турганын билдирди. Миссиянын жетекчиси Владимир Норов шайлоо ачык жана акыйкат өткөнүн белгиледи.

«ШКУнун байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга даярдык көрүү учурунан тартып, добуш берүү аяктаганча көз салды. Добуш берүү өнөктүгү Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ачык өттү. Президенттикке талапкерлерге үгүт иштери үчүн бирдей шарт түзүлүп берилгенине күбө болдук. Миссия Кыргызстанда шайлоо ачык, акыйкат жана легитимдүү өттү деп эсептейт».

Ислам кызматташтыкты уюштуруу миссиясы, Түрк мамлекеттер кызматташтык кеңеши, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) байкоочуларынын миссиясы да 11-январда басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстанда өткөн шайлоого оң баасын беришти. Жалпы жонунан алар «Кыргызстанда өткөн шайлоо ачык, демократиялык принциптер менен өткөнүн» белгилешти.

«Human Rights Watch» эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева баштапкы жыйынтыктар боюнча алдыга чыккан Садыр Жапаровдун алдында келечекте эл аралык милдеттенмелердин жоопкерчилиги турганын эскертти.

«Шайлоого чейинки окуялар, анын ичинде бийлик өлкөнүн Конституциясын көз жаздымда калтыруу менен тез арада президенттик шайлоого багыт алганы бир топ тынчсыздануу жаратат. Жапаров мырзада өлкөдөгү бийликти ишке ашыруу маселесинде жакшылап текшерүү жана тең салмактуулук принциптерин орноткон процессти жетектөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Өзгөчө кечээки референдумду улай президенттик башкаруу формасына эмнелер камтылары белгисиз болуп турган учурда мунун мааниси чоң. Жапаров мырза өлкөнүн келечегин түптөөгө кадам таштап жаткан учурунда адам укуктары анын иш-аракетинин өзөгүн түзөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар».

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум коронавирус пандемиясына карабай, жалпысынан жакшы өткөнүн билдирип, президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааный турганын билдирди.

АКШнын элчилиги бир катар эле аралык жана жергиликтүү байкоочулар атаган кемчиликтерди мыйзамдарга ылайык териштирүүгө чакырды.

Маалыматта: «Америка Кошмо Штаттарында болгон акыркы окуялар, демократия ар дайым жүрүп турган иш экендигин жана күчтүү, көз каранды эмес демократиялык институттарга берилүүнү талап кыларын эскертип турат. АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну, эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз», деп жазылган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагында жана «Твиттерде» жарыялады.

Ал эми Садыр Жапаровду президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да куттукташты.

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды. Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт. Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын.

Читайте на 123ru.net

Другие проекты от 123ru.net



Архангельск

В Архангельске девочка родила в ТЦ и бросила ребенка умирать в лесу



Мир

История дельфина, принесшего пользу всей природе






Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Кирилл Купченко, Директор по послепродажному обслуживанию ABTOДОМ МКАД рассказал о сервисном обслуживании электромобилей Zeekr





Путин в России и мире
Москва

Стало известно, кто из Томской области едет в Москву на инаугурацию президента


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: Минск не будет рисовать никаких линий, мгновенно ответит на агрессию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Виктор Тепляков

Депутат ЗСК Виктор Тепляков провёл совещание по поддержке нововведений в систему питания школьников



Москва

Подозреваемый в убийстве русской модели в Турции схвачен в Германии: Подробности громкого дела

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net