Оштогу тоноочулук үчүн өзбекстандык төрт жаран шек саналууда
Ош шаарында телефон саткан дүкөндү тоноого шектүү катары Өзбекстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта кармалгандар 8-январь күнү дүкөндөн жалпы суммасы 500 миң сомдук уюлдук телефонду карактап кеткени айтылат.
«Аларга тинтүү жүргүзгөндө дүкөнгө тиешелүү телефондор, андан сырткары бүктөмө бычак, "ПМ" үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн тапанча табылды», - деди Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган тараптын өкүлдөрү маалымат бере элек. (DU)