Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги Шуша шаарын алдырганын ырастады
Тоолуу Карабак жикчил аймагынын лидерлери Азербайжандын күч түзүмдөрү айыгышкан кармаштан кийин стратегиялык Шуша шаарын өз карамагына алышканын билдиришти.
“Тилекке каршы, акыркы күндөрү бир нече ийгиликсиз окуя бизди тооруду. Шуша шаары толугу менен биздин көзөмөлдөн чыкты”,-деп жазды “Фейсбукка” таанылбаган аймактын де-факто өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ваграм Погосян.
Тоолуу Карабактагы экинчи чоң шаар деп саналган Шуша алынганын бир күн мурда Азербайжандын президенти Илхам Алиев жарыялаган. Ал Би-Би-Сидеги маегинде Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян менен тынчтык сүйлөшүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көрбөй турганын айтты.
Шуша шаары жикчил аймактын борбору Степанакерт менен Армения аймагын бириктирген негизги жолдун боюндагы дөңсөөдө жайгашкан. Расмий Ереван Тоолуу Карабактын төбөлсүздүгү үчүн күрөшүп келген жикчилдерди колдойт.
Тоолуу Карабактагы жикчилдер ортосундагы соңку кагылыш сентябрь айынын соңунда тутанган. Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башындагы согуш маалында Бакудан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган.
Салгылашуулар башталган алты аптадан бери кеминде миң киши каза болду. Бул жарым кылымдан берки өлүм менен коштолгон катуу кагылыш болуп калды. Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку аракет ишке ашкан жок.