"Дарак ыры" Орусияда өткөн кинофестивалда "Мыкты сценарий" сыйлыгын алды
Кыргызстанда тартылган алгачкы киномюзикл – "Дарак ыры" тасмасы дагы бир эл аралык сыйлыкка татыды. Бул тууралуу 9-ноябрда фильмдин режиссеру жана сценарийинин автору Айбек Дайырбеков билдирди.
Анын айтымында, Орусиянын Чебоксары шаарында жыйынтыкталган XIII эл аралык кинофестивалда “Дарак ыры” "Мыкты сценарий" номинациясын жеңип алды. Сыйлык сценарийдин авторлору Айбек Дайырбековго жана Садык Шер-Ниязга ыйгарылды.
«Дарак ыры» - сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан. Анын бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Чыгарма буга чейин АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлүп, бир нече эл аралык сыйлыктарды алган. (RK)