Орус тышкы министри коронавирустан улам обочолонууга кетти
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров коронавирустан улам Балкан өлкөлөрүнө пландалган сапарын токтотту. Ал буга чейин коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгону аныкталган.
Орус тышкы саясат мекемеси 70 жаштагы министрдин саламаттыгы жайында экенин, бирок алдын-алуу максатында обочолонууга кеткенин билдирди.
“Мурда пландалган сапарлар кийинкиге жылдырылды”-деп билдирди министрликтен.
Сергей Лавров 26-октябрда Грециядан сапардан кайтып келген. 28-29-октябрда Босния жана Герцеговина жана Сербияга сапар менен бармак.