Пакистанда жардыруудан үч адам мерт болду
Жардыруу 25-октябрда өлкөнүн түштүк-батышындагы Белужистан аймагынын борбору Кветта шаарында болду. Бул шаарда ушул күнү оппозициячыл партиялардын тарапкерлери Пакистандын премьер-министри Имран Хандын бийликтен кетишин талап кылып митинг өткөрүп жатышкан. Бул жерден бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан базардын жанында мотоциклге орнотулган жардыруучу зат жарылды. Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөн тасмада бир нече автоунаа күйүп жатканын көрүүгө болот.
Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Пакистандын мунайга бай Белужистан аймагында улуттук же диний азчылыктарды бутага алган куралдуу топтор жана ислам согушкерлери бар.