ЖККУнун Баш катчысы Кыргызстандын өкмөт башчысын куттуктады
Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЖККУ) Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Куттуктоодо: “Кыргызстандын эл аралык чөйрөдө абройлуу, аймактык саясатта таасирлүү орду бар. ЖККУга мүчө өлкөлөр уюмдун алкагында аскердик-саясий кызматташтыкты бекемдөөдө Кыргызстандын салымын жогору баалайт”, - деп жазылган.
ЖККУнун Баш катчысы куттуктоосунда премьер-министр Садыр Жапаровго бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик каалап, Кыргызстандын элине туруктуу өнүгүү каалаган.
4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын акциясы массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер президент жана Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алган.
Дээрлик он күнгө созулган митингдерден соң, Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.
6-октябда тарапташтары абактан бошотуп алган экс-депутат Садыр Жапаров 14-октябрь күнү өкмөт башчы, 15-октябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.(ZKo)