Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


15 жылдан кийин ордуна келген акыйкат

Жогорку сот Бириккен Улуттар Уюмунун тыянагына ылайык, абакта каза тапкан адам боюнча өкмөттү кенемте төлөөгө милдеттендирди. 


28-сентябрда Жогорку сот 2005-жылы Ош шаарындагы милициянын убактылуу кармоочу жайында алган жарааттан көз жумган Рахмонберди Эрназаровдун өлүмү үчүн кенемте төлөө тууралуу маселеге чекит койду. Анын үй-бүлөсүнө мамлекет 300 миң сом кенемте төлөп бериши керек.


Маркумдун бир тууганы Маматкарим Эрназаров жакыны жок өткөн 15 жыл анын үй-бүлөсү үчүн тирүүнүн тозогуна айланганын айтты:


«Мен өткөндө аянтка чыгып, нааразылыгын билдирген элдин абалын жон терим менен сездим. Себеби, 15 жыл ичинде адилетсиздик, мыйзамсыздыкка тойдум. Агамдын үч баласына каралашып жатам. Жакынын жоготкон адамдын абалын 300 миң сом менен чечсе болобу? Материалдык чыгымдан мурда, моралдык жактан ушуга чейин мага, жакындарыма күчтүү басым болду».


Рахмонберди Эрназаров 2005-жылдын 4-ноябрында зомбулук үчүн шектүү катары кармалып, 3х3 метрлик камерага алты киши менен чогуу отургузулуп, алардын ур-токмогуна кабылган.


16 күндөн кийин Эрназаров бычакталган абалда облустук ооруканага жеткирилип, эки сааттан кийин көз жумган. Анын өлүмү боюнча кылмыш иши маанилүү медициналык далилдер келтирилгенине карабастан беш жолу токтотулуп, акыры жабылган жана эч ким жазага тартылган эмес.




2019-жылы БУУнун комитетинин чечиминин негизинде Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюмунун адвокаты Сардор Абдухалилов Эрназаровдун өкүлү катары өлүм калыс иликтенбегени үчүн компенсация төлөө тууралуу арыз менен сотко кайрылган.


«Алты жылга созулган тергөө натыйжалуу жүргүзүлгөн эмес. Эч ким жазаланган эмес. Ошондуктан, анын үй-бүлөсү «Кыйноого каршы коалиция» аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине арыз жазган. Комитет арызды төрт жыл карап, «Кыргызстан Эрназаровдун укугун бузган, коргой алган эмес, ошондуктан компенсация төлөнүшү керек» деген чечим чыгарган. Биз адвокаттары сотко арыз жазып, ушундай чечимге ээ болдук. Бирок буга чейинки эки окуя көрсөткөндөй өкмөт соттун чечимин аткарбай коюшу да мүмкүн. Кыйноого кабылган адамга карата ушундай эле кенемте өндүрүү тууралуу соттун чечими чыгып, бирок бир жылдан бери жабырлануучулар колуна бир сом алган эмес».




Акча маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекеттик бюджеттен Финансы министрлиги аркылуу төлөнө турган болду. Бул Кыргызстанда кыйноого кабылган адамга кенемте өндүрүп берүү чечими чыккан сейрек учурлардын бири.


«Кыйноого каршы коалиция» уюмунун өкүлү Нагима Озокеева Жогорку соттун бул чечими Кыргызстан үчүн эл аралык укук нормаларын иш жүзүндө колдонуу жагынан маанилүү кадам болгонун белгиледи:


«Мындай чечимдер абдан маанилүү, себеби мамлекеттик соттор эл аралык органдарын чечимдерин эске алып, карап чыгышы керек. Ошондуктан, ар бир адам кандайдыр бир укук бузууга күбө болсо кайрылып, өзүн коргой алат деген бүтүмгө келдик».


Кыргызстанда укук коргоо органдарынан кыйноо көргөн учурлар азыр да бар. Маселен, 16-октябрда Ноокат районунун тургуну Мухамед Каныбек уулу карактоо үчүн шектүү катары кармалгандан кийин каза болгон. Анын туугандары Мухамед милиция кызматкерлеринин кыйноосунан улам көз жумганын билдирип, прокуратурага жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылышты.


Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.


Кыйноого каршы улуттук борбордун 2019-жылкы статистикасы боюнча кыйноого кабылгандардын 90 пайызы ички иштер кызматкерлеринен жапа чеккени аныкталган. 2019-жылы кыйноого, катаал мамилеге жана кармоонун канааттандырарлык эмес шарттарына даттанган 152 арыз түшкөн. Алардын эң көбү Бишкек шаарында катталган, андан кийинки орунда Ош шаары жана Ош облусу турат.

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.net — международная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net