Добавить новость
World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


Жан дүйнөсүн таза сактаган акын эле

90-жылдардан кийинки адабий муундун оозунан түшпөгөн ысымдардын бири Дүйшөн Жапаров эле.


Бирок далайыбыз тамшанып окуган ырлары өтө сейрек учурачу. Китебин издеп суй жыгылгандарыбыз болду. Көрсө, бир да жолу китеби жарыкка чыкпаган акын экен. Мунусуна андан бетер таң калганыбыз бар...


Болгону шапалактай альманахка кирген бирин-экин ырлары, гезит бетине чанда жарыяланган ырлары менен эле адабий журттун улуу-кичүү мунуна тез эле жайылып кеткен талант экенин кийин түшүндүк.


Арийне, саналуу ырлары менен эле баарыбыз аны алп акын катары сөз кылчубуз. Окурман эсинде кыттай уюп калар саптары укмуш болчу:


Алайын десем, көмүр кымбат.

Албайын десем, өмүр кымбат.


* * *


Алдуу – акырекке коёт.

Алсыз – акыретке коёт.


* * *


Досторум келсе дудукмун...

Досторго барсам кудукмун...


* * *


Албасам дагы устакан,

Алганым кырдуу стакан.


* * *


Отурсак жалаң чай менен,

Очоёт төрдө кайненем.


* * *


Бүтүндүнү бүлдүрдүк,

Бүт дүйнөнү күлдүрдүк.


Ушул апаздагы эки сап ырлары анда-санда гезитке жарыяланып калганы болбосо, “Баягы Дүйшөн каякта жүрөт?” деп, бирине-бири жолуккан калемдештер Дүйшөн Жапаровдун дайын-дарегин сураштырып, айтор, ырлары сыяктуу өзү да сүрмө топ көпчүлүктүн арасынан чанда бир кезигип калчу.


Бир курдай Дүйшөн байке экөөбүз Улуттук китепкананын алдындагы мажүрүм талдардын көлөкөсүнөн кезигип калдык. Көпкө отурдук. Дүйнөлүк адабияттын таасиринен кеп кылып отурабыз. Бир убакта Уильям Фолкнердин ысымы оозуман чыгып кетти. Анын чыгармаларына кызыгуум артып баштаганын кеп кыларым менен Дүйшөн байке кебимди оозуман жулуп кетти. Мына анан, көрүп ал, мен жөн эле билермансынып сөз баштаптырмын.


Уильям Фолкнер тууралуу укмуштарды билет экен ал. Мен Фолкнердин чыгармалары менен жаңыдан гана тааныша баштаган болсом, Дүйшөн байке анын өмүр-таржымалын, ал эмес жазуучунун ар бир кейипкери тууралуу маалыматы жаагымды жап кылды заматта...




Улуу жазуучунун адабий лабораториясынан саймедиреп кирсе болобу. Уильям Фолкнердин интервьюларынан өйдө калтырбай окуп, көңүлүндө аздек туткан бирден-бир жазуучусу болуп чыкты анысы. Сөз арасында: “Тыйының барбы, курсак ачты. Бирден булочка алып жейли”, – дебеспи. Менин студент экенимди уккандан кийин, кебин кайра улады. Эркиндик паркын бойлой оо далайга бастык дагы...


Ошондон кийин көп жылдар бою көрүшкөнүбүз жок. Мен тургай курсташтары, досторуна деле изин таптырбай жоголуп кетме мүнөзү бар экен башынан... Дүңкүйүп киши менен көп аралашпаган Дүйшөн байке адабий чөйрөнүн арасынан да чанда бир кезигип калганы болбосо, аны менен дайыма ийиндеш жүргөн эч кимиси болбоду окшойт...


Бир курдай карп-күрп кезигишип калдык. Өмүрүмдө оозумду ачыра турган окуя болду ошондогусу: 2005-жылдын 24-мартында өлкөдө төңкөрүш болуп, бийлик алмашкан башаламандык күндөрү дүйнөдө жаңылыктан артта калган эң бактылуу адам эле Дүйшөн байке экен дедим.


– Анан Акаевдин ордуна ким келди азыр?! Качып кеттиби ал? – деп аң-таң калган көздөрү тостоёт.


– Йе тобоо! Сиз эмне асмандан жаңы түштүңүзбү?! Өлкөдө эмне болгонун кантип билбейсиз?!


– Айтып берчи анан, эмне болду? Мен үйдөн чыкпасам кайдан угам, телевизор деле көрбөйм... Бүгүн жаңы эле угуп атам элден, шаарга чыгып. Баары эле кеп кылат...


– Тууй, Дүйшөн байке! Кызык экенсиз... – деп анан окуяны чолуп-чолуп ар кай жеринен баштайм. Ал болсо:


– Кызык... кызык, – деп мага ансайын кулагын түрөт.


Окуяны башынан айтып отурсам, Дүйшөн байке дегеле биздин коомдогу соңку жылдардагы окуялардан таптакыр кабарсыз экен. Баландай-түкүндөй саясатчылардын атын атасам, дегеле бирин таанысачы.


– Аның ким эле? – дейт.


Суроо артынан суроо... Саясат менен дегеле иши болбоптур өмүрү. Бир орчундуу окуяны айтып баштасам же бир ал окуянын тамырына түшүнбөйт. Айлам кеткенде айттым:


– Сиз азыр дүйнөнүн эң бактылуу адамы экенсиз, алдагы башыңызга мусор чогултпаган. Бар болуңуз...


Муну эскерип отурган себебим, Дүйшөн Жапаров ошондо өз жан дүйнөсүн коомдо болуп жаткан көрүнүштөргө булгабаган жан окшоду... Биздин чуулгандуу турмуштан эбак обочолоп кеткен жанга окшоду... Чулу ойлордун түбүнө чумуп кеткен акын дүйнөсү окшоду...


Тагдыр экен, биринчи келинчегим рактан каза болуп, экинчи жолу турмуш курууга туура келди. Экинчи колуктум – Назгүл менен таанышканымда – Дүйшөн Жапаров бир кезде анын жездеси болгонун уктум. Эки кыздуу болгон кезде ажырашып тынышыптыр. Ошондон кийин катыштары деле болбоптур...


Кийин анан Дүйшөн байкенин инсультка кабылып, ары барып эле кайра келгенин уктум. Жолугуша албай жүрдүк. Анан мындан 4-5 жыл мурда бекен, ыраматылык Зайырбек Ажыматов экөөбүз Карбалас Бакиров агабызды баш кылып алып, үчөөбүз бир күнүбүздү арнамакка; оору менен алышып жүргөн калемдештерибиз Дүйшөн Жапаров менен Мамат Раимжанов экөөнүн ден соолугун сурап, атайы барганган элек. Мамат байкебиз ошондон көп өтпөй өтүп кетти. Анан эле кечээ Дүйшөн агабыз...




Сөзүмдүн соңуна Дүйшөн Жапаровдун береги ыр саптары менен чекит коюудан башка арга жоктой... Себеби бул саптарында анын биз туйбай келген купуя тагдыры, арманы, бугу жашынып жаткандай.


ЧЫН ДИЛИМДЕН


Жармы кулап, жармы асылып калган ай,

Жашоом менин качан толот, арман ай?!

Мелт-калт болгон учсуз жарык дүйнөдө.

Мекен издеп таппай келем жанга жай.


Баш көтөрүп басарымда басындым,

Баш катырып далай таңды атырдым.

Аралынан ажыраган казактай,

Азыр мен да армандуумун, такырмын.


Жаза басып жыгыларда таярга,

Жанда жүрүп, сырым билип аярга,

Музыкада муң-шаттыкты бөлүшөр,

Муктаж экем мен бир изги аялга.


Канат болчу кайкып учар жыргалда,

Кайрат болчу карек эзген ыйларда.

Өктөм жанып, бир кылчайып алармын,

Өмүрүмдөн өтүп кеткен жылдарга.


Жаш көбөйүп баратканы күнөөмбү,

Жарыгыңды чаччы мага күн өңдүү.

Өмүрүмдө баалабадым бакытты,

Өлүп калсам андан бетер күмөндүү.


Эх, кайрандар. Топурагыңар торко болсун!


Олжобай ШАКИР




 


Загрузка...

Читайте на сайте

Другие проекты от 123ru.net








































Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.net — международная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net