Нарын ооруканасынын жетекчилиги дарыгерлердин айлыгы боюнча жооп берди
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков Интернеттеги “Нарында айтылган акчадан аз төлөнүп, медицина кызматкерлери нааразы болууда” деген сөздөргө түшүндүрмө берди.
Нарынбековдун айтымында, дарыгерлерге Курман айт майрамына карата аванс берилген, август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт.
"Июль айы толук жыйынтыктала элек болгондуктан, Курман айтка карата медицина кызматкерлерине аванс гана берилген. Август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт", - деди.
Анын маалыматына ылайык, Нарын облусунун саламаттык сактоо мекемелериндеги коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө катышкан медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары жалпы 58 миллион 550 миң 500 сом төлөндү. Июль айы үчүн 1546 кызматкерге 20 миллион 19 миң 900 сом которулду.
Медиктердин арасында кенемте аз төлөнгөнү же такыр берилбей калганы тууралуу нааразылыктар айтылып келет. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, пандемияда коронавирустан 73 медицина кызматкери кайтыш болду. Ушул тапта миңден ашуун медицина кызматкери коронавирустан дарыланууда. (TSh)