Жалал-Абадда жер силкинди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-августта саат 15:23 чамаларында Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак, Каду, Ак-Тоок айылдарында 3 балл, Кара-Алма айылында жана Көк-Жаңгак шаарында 2 баллга чейин сезилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жок экенин жана кыйроо болбогонун билдирди. (TSh)