Кыргыз ырлары эми жаңсоо тилинде жаңырат
Жакындан бери жаңсоо тили менен коштолгон кыргызча ырлардын видеосу Интернетте жарыялана баштады. Максаты угуусу начар адамдар үчүн ырлардын ритмин, маанайын билдирүү болгон бул саамалык “Беш бармак” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.