Коомдук ишмер Болот Шер дүйнө салды
Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Таласта Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.
2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2005-жылы парламенттин вице-спикеринин кызматын аткарган.
“Көк бөрү” федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган.
Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
Кыргызстанды мурдагы президенттери Аскар Акаевдин, Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимдерин кескин сындап, оппозицияда жүргөн.
2010-жылы 7-апрелде бийликке келген Убактылуу өкмөттүн курамында ички иштер министри болуп дайындалган. Ден соолугуна байланыштуу кийинчерээк кызматын орун басары Бакыт Алымбековго өткөрүп берген.
2010-жылы "Ата Мекен" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
Соңку кезде ден соолугу кескин начарлап, ооруканага жаткырылганы кабарланган. (ZKo)