Карантинде индиялык студенттер да кыйналды
Пандемиянын айынан чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп, мекенине кете албай калган чет өлкөлүктөр да бар. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер. Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 9 миңге жакын индиялык студент билим алат. Алардын бири Жей Бишкекте аялы Аида менен жашайт. Медициналык билим алып жаткан түгөйлөр карантинде чет өлкөлүк студенттерге азык-түлүк ташып, иштей баштаган.