АКШ Кытайды америкалык аба компанияларынын ишине бут тосуп жатат деп айыптоодо
АКШ Кытайды америкалык аба компанияларынын ишине бут тосуп жатат деп айыптады. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги 23-майда маалымдады. Анда айтылгандай, январь айынан тартып, АКШ коронавирустун жайылып кетишинин алдын-алуу максатында Кытайдан келген чет өлкөлүк жарандардын өз аймагына киришине тыюу салган. Бирок аба каттамдарын токтоткон эмес.
Delta Air Lines, United Airlines компаниялары баштаган бир катар америкалык аба компаниялары февраль айынан тартып, Кытайга каттамдарын токтоткон.
АКШнын Транспорт министрлиги Delta Air Lines, United Airlines компаниялары Кытайга каттамдарын июнь айынан тарта жандантууну көздөгөнүн, бирок кытай тараптын жарандык авиациясынын буйругуна ылайык, чет элдик аба компаниялардын каттамы 12-марттагы каттамдардан кем болбоого тийиш экенин белгилеген.
АКШнын Транспорт министрлиги 12-мартта америкалык аба компаниялары толугу менен Кытайга каттамдарын токтотушканын эскертип, Кытай тараптын жарлыгын "америкалык аба компанияларынын ишмердүүлүгүнө бут тосуу аракети" катары баалады.
"Рейтер" агенттигинин маалыматы боюнча, Кытайдын жарандык авиациясы АКШ өкмөтү менен 14-майда телефон аркылуу сүйлөшүп, америкалык аба компаниялары жумасына бир гана жолу Кытайга каттоо укугуна ээ болорун билдиришкен. АКШ менен Кытайдын тышкы иштер министрликтери, аба компаниялары бул маалымат боюнча үн ката элек.