Чеченстан 5-апрелден тартып чек араларын жабат
Бул тууралуу Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров билдирди. Ал 1-апрелде «Инстаграмдагы» баракчасына «республикага унаа жана аба аркылуу каттоого 5-апрелден тартып толугу менен убактылуу тыюу салынат, азык-түлүк жана дары-дармек ташып келүүгө гана уруксат берилет» деп жазды. Эгерде кандайдыр бир чукул жагдайлар жаралса, ар бир маселе өзүнчө каралып, чечим кабыл алынарын билдирди. Тиешелүү мамлекеттик орган-мекемелердин кызматкерлерине атайын өткөрмө бериле турганын кошумчалады.
Чечен бийлиги 28-марттан тартып карантин чараларын күчөткөн, тактап айтканда Грозный шаарына кирип-чыккандар чектелген. Орусиянын бул субъектисинде соңку маалымат боюнча коронавирус 10 адамдан табылды.
Орусияда соңку бир күн ичинде оору дагы 440 адамдан табылды жана илдет жуккандардын саны 2800 кишиге чамалады. Коронавирустан 24 адам көз жумду.
Мамлекеттик Дума ушул шейшембиде өпкөнү сезгенткен вирустун жайылышына каршы бир топ мыйзамдарды шашылыш кабыл алды. Алардын арасында карантин шартын бузгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жоболору камтылган мыйзам долбоору да бар.
Коронавирустан улам Орусиянын 50дөй аймагында карантин жарыяланды.