Сириядагы аялдарды жана балдарды кайтаруу маселеси кайра көтөрүлдү
Сириядагы лагерлерде кармалып турган кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтаруу боюнча бийлик ыкчам аракет кылбай жатат. Мындай доомат 26-февралда АКИпресс маалымат агенттигинде укук коргоочулар менен жабырлануучулар уюштурган маалымат жыйынында айтылды. Эки кызы, аялы, небелери Сириядагы лагерде жүргөн Рамаз Сариев өкмөткө минтип нааразы болду:
«Биз эркектер тууралуу айтпадык, кыздар, неберелерибизди алып келип беришсе болмок. Же биздин өкмөт алып келбейбиз деп айтып койбойт.»
Маалымат жыйынын уюштургандар Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттери өз жарандарын алып келип жатканын белгилешип, кыргыз бийликтери кам көрбөсө нааразылык акцияларына чыгууга, коңшу өлкөлөрдөн жардам суроого аргасыз болушарын билдиришти.
«Элет көйгөйү» коомдук бирикменин жетекчиси Марипа Алыйкулованын айтымына караганда Сириядагы кыргызстандык аялдарды жана балдарды кайтарып келүү боюнча жакындары акыркы тогуз айда Президентке, Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Ички иштер министрлигине, УКМКга отуздай кат жолдоп, көптөгөн кайрылууларды жасашкан.
Былтыр өкмөттүн өкүлү кыргызстандык балдарды кайтаруу боюнча Сирия бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын, бирок, мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын "Азаттыкка" билдирген.
Айнакулованын маалыматы боюнча Сириядагы «Аль-Холь», «Роуч» лагерлеринде сегиз жашка чейинки 400 бала, 136 аял бар. Расмий маалыматтарда Сирия менен Ирактагы террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган 800 кыргызстандык бар экени, алардын көбү диний ишенимден, экстремисттик топтордун, акчанын азгырыгынан кетип калганы айтылып келатат. Кеткендердин 150гө жакыны балалуу аялдар.