Сириянын парламенти армяндар кабылган кыргынды геноцид деп тааныды
Сириянын парламенти дээрлик жүз жыл мурун Осмон империясынын учурунда армяндар кабылган кыргынды геноцид деп тааныды. Тиешелүү резолюцияны жарандык согуш жүрүп жаткан бул өлкөнүн парламенти бир добуштан колдоду.
Бул чечим Сириянын түндүк-батышындагы чабуулдардан улам президент Башар Асаддын өкмөтү менен Түркиянын ортосунда чыңалуу күчөп турган кезде кабыл алынды. Асаддын күчтөрү көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы таянычы саналган Идлибди колго алууга аракет кылып жатат. Анкара Сирия менен Орусиядан бул чабуулдарды токтотууну талап кылып, өз аскерлерин Идлиб аймагына жөнөтүүдө.
Тарых булактарына ылайык, Биринчи дүйнөлүк согуш убагында жана согуштан кийин Осмон түрктөрү бир жарым миллиондой армянды кырган же депортациялашкан. Бир топ тарыхчылар жана айрым өлкөлөр ал окуяларды тукум курут деп эсептешет.
Анкара армяндардын өлүмү Осмон империясынын кулашын коштогон кайгылуу окуялардын жыйынтыгы болгонун, ал жылдары түрктөр да жабыркаганын айтып, геноцид тууралуу дооматтарды четке кагып келатат.