АКШ «Талибан» менен зомбулукту токтотуу тууралуу сүйлөштү
АКШ менен «Талибан» кыймылы Ооганстандагы зордук-зомбулукту жети күнгө токтото турууну көздөгөн сунуш боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер 13-февралда Брюсселде журналисттерге билдирди.
Ал талибдер менен кийинки сүйлөшүүлөр «шартка жараша болорун», ал үчүн «Талибан» кыймылы Ооганстандагы зомбулукту азайтышы керек экенин белгиледи. Ошондой эле бул кыймыл согуш талаасында эч качан жеңишке жете албай турганын, алардын өкүлдөрү бир үстөлдө отуруп, мунасага келиши зарыл экенин кошумчалады.
Былтыр сентябрь айында жай тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурган акцияларынан кийин «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү АКШнын президенти Дональд Трамп токтотуп койгон болчу. Бирок ооган жергесиндеги 19 жылга аяк баскан согушту токтотууну көздөгөн бул сүйлөшүүлөр декабрь айында кайра жанданган.
11-февралда ооган баш калаасы Кабулда Фахим атындагы аскердик академиянын кире биришинде жанкечти өзүн жардырып, андан беш киши өлгөн.