Назарбаевдин небереси Британиядан баш калка сурады
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Британиянын бийлигинен баш калка сурады. Бул тууралуу ал 13-февралда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
«Соңку беш жылдан берки жашоом кунарсыз болуп калды», -деп билдирди Айсултан.
Ал үй-бүлөсү тарабынан өзүнө басым болуп жатканын, анткени ал Орусия менен Казакстандын бийлик ээлеринин ортосундагы коррупция тууралуу маалыматка ээ экенин айткан.
29 жаштагы Айсултан - Назарбаевдин тун кызы, парламент төрайымы Дарига Назарбаеванын уулу. Ал былтыр октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгон.
Натыйжада Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип жана баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген. Окуядан кийин ал баңгиликтен дарылаган «Priory» аттуу ооруканага жаткырылган.
Айсултан Назарбаевдин кийинки убактагы билдирүүлөрү боюнча Казакстандын биринчи президентинин үй-бүлөсү комментарий бере элек.