Ошто окуучуга бычак сайгандар он жылга камалды
Ушул жылдын 12-февралында Ош шаардык соту 8-класстын окуучусу Самат Акматовдун өлүмү үчүн шектүү эки жаранды Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен күнөөлүү деп таап, ар бирин 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун билдирди.
Маалыматта, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө соттолуучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн эсебинен 75 854 сом материалдык, 1 млн. сом моралдык зыян өндүрүлүшү керек экени да айтылат.
2019-жылдын 30-май күнү Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классынын окуучусу Самат Акматовго мектептен алыс эмес жайда жайгашкан дүкөндүн алдында башка мектепте окуган балдар бычак сайышкан. Окуучу алган жараатынан ооруканага жетпей каза болгон. (MdN)