Пелоси Трамптын кайрылуусун айрып салды
Конгресстеги Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трамптын кайрылуусу жазылган кагазды айрып салды. Бул учурда Трамп өзү кызматка келгенден кийинки өлкөдөгү жетишкендиктер тууралуу элге кайрылуусун аяктап калган.
Андан мурдараак президент залга кирип келип, протоколго ылайык кайрылуусу жазылган документтин бир көчүрмөсүн берип жатып спикер айымдын сунган колун албай, учурашпай койгон.
Пелоси кийинчерээк документти эмне үчүн айрып салганын сураган журналистке “Ыктымал альтернативаларды эске алганда бул да сылык жооп болду” деп айтты.
Нэнси Пелоси - президенттик администрацияга оппозициядагы Демократиялык партиянын өкүлү. Ал башкарган, демократтар үстөмдүк кылган парламенттеги Өкүлдөр Палатасы Дональд Трампка импичмент жарыялоону колдогон. Ал эми Республикачылар үстөмдүк кылган Сенат импичмент маселесине 5-февралда добуш берери күтүлүүдө.