Коронавирус: Кыргызстан шектүү анализдерди Лондондон текшертет
Кыргызстан коронавируска шектүү анализдерди зарыл болсо Лондондогу вирусологиялык лабораториядан текшертет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан коронавируска каршы чараларды күчөттү. Чек арадагы өткөрмө бекеттерде сырттан келгендер текшерилүүдө, карантиндик зоналар ачылып, убактылуу обсерваториялык жайлар ачылды.
«Беткап, жеке сактануу каражаттары жана респираторлор жетиштүү. Ооруну жугузуп алышы ыктымал деп шек саналгандардан дароо анализ алынып, өздөрү атайын жайларга убактылуу жайгаштырылууда», деп белгиледи министрлик.
Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун айынан бүгүнкү күнгө карата 490 адам көз жумду, ооруп жаткандардын саны 23 миң 600 адамдын тегерегинде. (RK)