Москва маңзат соодасы үчүн соттолгон Израилдин жаранын бошотту
Орусияда маңзат аткезчилигине айыпталып, жети жарым жылга кесилген Израил жараны Наама Иссахар түрмөдөн чыгарылды. Бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин ага ырайым кылган буйрукка кол койгон. Мындай чечим Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Москвага келер алдында кабыл алынды. Нетаньяху 30-январда орус президенти Владимир Путин менен жолукканда Иссахарга ырайым кылганы үчүн ыраазылыгын айтты.
Бейшембиде түрмөдөн чыккан Наама Иссахар былтыр октябрда кесилген. Ал андан беш ай мурда Индиядан Тель-Авивге Москва аркылуу баратканда кармалган. Анын сумкасынан 10 килограммдай гашиш табылган.
Иссахар маңзат сактаганын мойнуна алып, бирок аткезчилик тууралуу дооматты четке каккан. 23-январда Путин Израилге барганда Иссахардын энеси менен да жолуккан.