Алмаматов боюнча чечим чыгарган судьялардын жоопкерчилиги каралат
Коррупцияга шектелип камалган, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин караган судьялардын жоопкерчилиги 31-январда каралат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо секторунун башчысы Рысбек Абдысатаров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасына маек куруп жатып билдирди:
-Бул судьялардын жоопкерчилиги 31-январда каралат. Насирбек Алмаматовдун ишин караган үч соттун ишин Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы карайт.
Алмаматов коррупция үчүн шектүү катары 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.
Алмаматовдун ишин Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын судьялары Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков жана Нурлан Кожомбердиев караган.
Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.
Жогорку сот Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
Алмаматовго эл аралык издөө жарыяланган.
Президент Сооронбай Жээнбеков Алмаматов кармалбай жатканы үчүн прокуратура жана соттор күнөөлүү деп эсептей турганын 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан. (ZKo)