Украинада лейтенант Окуеваны өлтүргөндөр кармалды
Осмаев жаракат алып, тирүү калган. Ал Орусияда президент Владимир Путиндин "өмүрүнө кол салууга аракет кылган" деп айтыпталып жүрөт.
Аваковдун билдирүүсүнө караганда полиция окуя болгон жерге таштап кеткен курал-жарак аркылуу кылмышкерлердин сары изине түшкөн. Канча адам кармалганын министр тактаган жок.
Окуева Киевдеги Евромайдан окуяларында медик катары жабыркагандарга жардам көрсөткөн. Кийин күйөөсү менен бирге Донбасстагы орусиячыл козголоңчуларга каршы согушкан. Ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн лейтенанты болчу. Окуеванын өлүмүнөн кийин Украина прокуратурасы “буйрук менен адам өлтүрүү” деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Окуеванын өлүмүн украиналык атайын кызматтар “Орусияга шылташ үчүн” уюштурушканын айтып, бирок эч кандай далилдерди келтире алган эмес.