Жикчил Абхазияда президенттик шайлоо 22-мартта өтмөй болду
Ошондон улам 9-январда аймакта нааразылык акциялары башталган. Оппозициянын тарапташтары президенттин администрациясынын имаратын басып алып, Хажимбанын кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышкан. Аймактын башчысы Рауль Хажимба кызматтан кетүүдөн баш тартууда. Бир күн мурда ал Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жетекчи орун басары Рашид Нургалиев баштаган делегация менен жолугушту.
2008-жылы беш күндүк орус-грузин согушунан кийин 8-августта Абхазия Грузиядан бир тараптуу эгемендигин жарыялап алган. Анын эгемендигин Орусия жана Африка менен Түштүк Америкадагы саналуу мамлекеттер гана тааныган. Батыш мамлекеттери жана Грузия аны тааныган эмес. Абхазияда Орусиянын миңдеген аскерлери жайгаштырылган.