Казакстанда Сириядан келгендер соттолду
Нур-Султан шаарынын соту 11-декабрда 14 казакстандыкты террорчулук аракеттерге барган деп таап, 8 жылдан 14 жылга чейин эркинен ажыратты. Сирияда «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун катарында урушкан деген бул адамдар согушкер топко адамдарды тарткан, терроризмге үгүттөгөн, кастыкты козуткан, зордук-зомбулукка чакырган адабияттарды тараткан деп табылды.
14 кишини бийлик быйыл Сириядан башка казакстандыктар менен кошо алып келген.
Казакстан жыл башынан бери «Жусан-1» жана «Жусан-2» операцияларынын алкагында Сирия жана Ирактагы согуш аймактарынан 600 жаранын артка кайтарып келген. Алардын үчтөн экиси балдар. Кайтарылгандардын арасынан бир тобу териштирүү иштеринен кийин сот жообуна тартылды.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, 2013-жылдан тарта Сирия менен Ирактагы террорчу топторго кошулуу үчүн жалпысынан 800дөй казак жараны кетип калган.