«Ишкободдогу» кол салууда аялдар менен балдар да болгон
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин “Ишкобод” заставасына кол салуу болгондо аялдар менен балдар каза тапканын билдирди. Бул тууралуу министр 10-декабрда Тажикстан менен Евробиримдиктин кызматташтык кеңешинин жыйынынан кийин «Озоди» радиосунун кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.
«20 согушкерден турган топ заставага чабуул койгон. Жоочулар жок кылынган, бешөө кармалган. Күч органдары да жоготууларга учураган. Тилекке каршы, согушкерлер аялдар менен балдарды пайдаланышкан. Биз аракет кылганыбыз менен, жоочулар бизге тандоо калтырган эмес», - деди министр.
Чек ара заставасына кол салуу 6 ноябрда таң эрте болгон. Бир нече күндөн кийин «Ислам мамлекети» экстремисттик уюм чабуулдун артында турганын билдирген.