Мумбайдагы кол салууга шектүү "терроризмди каржылаган" деп айыпталды
Пакистан сотунда 2008-жылы Индиянын Мумбай шаарындагы кандуу чабуулду уюштурууга шектүү деп эсептелген согушкер Хафиз Саидге «Терроризмди каржылоо» беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна Пенжаб полициясынын терроризмге каршы күрөш башкармалыгынын кызматкери Мухаммад Тахир билдирди.
Хафиз Саидге айып тагылган сот жараяны катуу кайтаруу менен өттү. Анын адвокаты Саид өзүн күнөөсүз деп эсептей турганын айтты.
«Лашкари Таиба» уюмунун негиздөөчүсү жана башка согушкер топтун башчысы Хафиз Саид быйыл июлда, премьер-министр Имран Хандын Вашингтонго сапарынын алдында кармалган.
Кошмо Штаттар менен Бириккен Улуттар Уюму аны террорчулардын катарына киргизген. Кезинде АКШ аны кармоого жардам бере турган маалымат үчүн 10 миллион доллар убада кылган.
АКШ менен Индия бийликтери Саид Мумбайдагы кол салууну пландоого көмөктөшкөн деп айыптап келе жатышат. 2008-жылы 10 куралчан адам шаардагы эки кымбат мейманканага, жөөттөрдүн борборуна жана темир жол станциясына чабуул коюшкан. Бир нече күнгө созулган атышууда 166 киши өлгөн.