Түркияда кыздарды сатууга шек саналган кыргызстандык аял кармалды
Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" агенттиги маалымат таратты.
10-декабрда Түркиянын Бурдур шаарында массаж салонуна полиция кызматкерлери атайын операция менен кирген. Мындан кийин сойкулукка мажбурланганы айтылган ондогон чет өлкөлүк кыз-келиндер куткарылганы жазылган.
Бул окуя боюнча Бурдур ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, кыргызстандык аял жана түрк жараны кармалган. Атайын операцияда куткарылган чет өлкөлүк кыз-келиндер өз мекенине депортацияланат.
Түркиянын Жазык кодексинин "Адам сатуу" беренеси боюнча жарандарды сойкулукка мажбурлагандар тогуз жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Расмий маалымат боюнча Түркияда учурда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жашайт. Алардын 86 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Анткен менен Түркияда мыйзамсыз иштеген кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө. Ал эми 2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык катталган.
Негизинен мигрант кыз-келиндер бала багуучу, улгайган кишилерди карап баккан камкорчу жана үй кызматтарында иштешет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. (ElB