Акун: Коррупция жөнүндөгү иликтөө Атамбаевдин бийлигине такалат
Журналисттердин "Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо" аттуу иликтөөсүнүн тамыры мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине барып такалат. Ушундай өңүттөгү пикирин мурдагы акыйкатчы, Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун билдирди.
“Фейсбукка” 22-ноябрда жазган постунда иликтөө жемкорлукка байланыштуу көп нерселердин башын ачканын белгилеп, бирок ага азыркы бийликтин күнөөсү бардай таасир калтырганы түшүнүксүз болгонун айтты.
Иликтөөдө айтылган фактылар мурдагы президент башкарган жылдарга туш келип жаткандыктан, өкмөт органдары муну тыкыр иликтеши керектигин сунуш кылды.
“Мен көп жылдык тажрыйбасы бар укук коргоочу катары Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча “Азаттыктын” иликтөөсүн негизинен колдойм жана бул иштен жыйынтык чыгышын каалайм. “Азаттыктын” иликтөөсү президенттин коррупцияга каршы күрөшүнө жакшы жардам берген болот. Бирок бул иликтөөнү башка саясий күчтөр пайдаланып кетишин каалабайт элем”,- деп жазды Акун.
21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.
Ошондой эле иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Депутат бир тууганына байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет.
Иликтөөдө аты аталган адамдар менен мамлекет башчынын жакын алака-катышы жоктугун президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирген. (SE)