Трамп менен Эрдоган эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады
АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын Орусиядан ракетага каршы С-400 системасын сатып алышы олуттуу маселе жаратканын, бирок аны чечүүгө болот деп үмүттөнөрүн айтты. Трамп бул тууралуу 13-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Ак үйдө жолуккандан кийин билдирди.
Лидерлердин жолугушуусу НАТО боюнча өнөктөш эки мамлекеттин алакасы соңку он жылда абдан солгундап кеткен маалга туш келди.
Жолугушуудан кийин Эрдоган «С-400 жана F-35 боюнча биз туш болгон маселелерди диалог аркылуу гана чече алабыз» деген пикири менен бөлүштү.
Түркия Орусиянын С-400 зениттик ракеталык системасын быйыл июлдан тартып ала баштаган. Бул үчүн Вашингтон Анкарага F-35 үлгүсүндөгү америкалык өндүрүштөгү кыргын салуучу учактарды сатуудан баш тарткан.