Киев: сот журналист Бабченкону өлтүрүүнү уюштурган деген адамды бошотту
Украин соту 2018-жылы орусиялык журналист, Кремлди сындап жүргөн Аркадий Бабченконун көзүн тазалоо үчүн орусиялык атайын кызматтар азгырган деп шектелген Борис Германды камактан чыгарды. Киев прокуратурасынан маалымдагандай, шаардык апелляциялык сот 13-ноябрда Германды саламаттыгына байланыштуу бошоткон. Мындан башка маалымат берилген жок.
Соңку эки жылдан бери өз ыктыяры менен Украинада бозгунда жүргөн орусиялык диссидент журналист Аркадий Бабченко Киевден ушул айдын башында чыгып кеткен. Ал муну Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан бери өмүрүнө коркунуч жаралганы менен түшүндүргөн.
Былтыр май айында Бабченконун киши колдуу болуп өлгөнү тууралуу кабар тарап, көп өтпөй эле тирүү болуп чыккан. Украинанын коопсуздук кызматынын ошол кездеги жетекчилери Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын коопсуздук кызматтары буйрутма бергенин алдын ала билип, бул ишке тартылган украин жаранын атайын операциянын натыйжасында кармоого жетишкенин жарыялашкан.
Тергөөнүн маалыматында Герман Бабченкону өлтүрүүгө макул болгон делген Алексей Цымбалюкка 40 000 доллар сунуштаганы айтылган. Цымбалюк Герман журналистти өлтүрүүнү сунуштагандан кийин ал тууралуу дароо атайын кызматтарга маалымат бергенин билдирген. Бул кылмышты уюштурган деген шек менен кармалган украин жараны Борис Герман 4,5 жылга эркинен ажыратылган. Расмий Москва бул иштеги анын дарегине айтылган дооматтарды четке каккан.